Ссылки доступа

Орусия Түркияга каршы санкцияларды күчөтөт


Түркияга карата санкцияларды кеңейтүү максаты камтылган документти премьер-министр Дмитрий Медведевдин тапшырмасы менен Экономикалык өнүгүү министрлиги даярдады.

Бул тууралуу«Коммерсант» басылмасы жазып чыкты.
Орус бийлиги мейманкана, курулуш, жыгачты кайра иштетүү тармактарында ишкердик менен алектенген түрк компанияларына тыюу салууну көздөп жатат. Ошондой эле Түркияда окуп, тажрыйба бөлүшүп жүргөн орусиялык учкучтар мекенине чакыртылып, бардык чөйрөдөгү мамлекеттик буюртмаларга чектөө коюлат.

Кремл орус базарына отурукташып, пайда алып келген ишканалардын айрымдарын калтыра турган болууда. Санкцияларды киргизүүдөн мурун Орусиянын экономикасына зыян келтирүүчү жагдайлар эске алынат.

24-ноябрда орусиялык Су-24 согуштук учагы Түркия-Сирия чек арасындаатып түшүрүлгөнүндөн бери эки өлкөнүн мамилеси сууп баратат. Буга чейин Орусия Түркияга карата бир катар санкцияларды киргизген.Түркиянын бийлиги Москвага жооп кайтара элек. Бирок зарылдыкка жараша Орусияга каршы санкциялар жарыяланышы ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

XS
SM
MD
LG