Ссылки доступа

Архaнгелде сыналып жаткан ракета эл жашаган айылга түшкөнү кабарланууда


News 29 басылмасы маалымдагандай, ракета үйгө тийип, өрт чыккан, эч ким жараат алган жок.

Орусиянын коргоо министрлиги мындай маалыматты четке кагып, ракета өз багытынан адашып, Ненокс аттуу калктуу коңуштун жанында түшкөнүн, бирок үйгө тийген эместигин айтууда.

Мекеменин маалыматы боюнча, атайын адистер машыгуу талаасында канаттуу ракетаны сыноодон өткөрүшкөн. Күтүүсүз окуя болуп, ал өз нугунан адашып кетти.

Ракетанын бир бөлүгү үч кабаттуу турак-жайга тийип, өрт тутанып,тез эле өчүрүлгөнүн, андагы жашоочулар эвакуацияланганын "Түндүк чындыгы" маалымат сайты да жарыялады. Орусиянын Өзгөчө кырдаал министрлиги да бул кабарды ырастаган жок.

XS
SM
MD
LG