Ссылки доступа

Интерполдо кыргыз өкүлчүлүктүн бир кызматкери гана сынактан өттү


Интерполдун кыргыз бюросунун өздүк курамында 14-15-декабрда кадрдык сынак өткөрүлдү.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, анын жыйынтыгында бир гана кызматкердин кесипкөй экени, өз кызматын так биле турганы аныкталды. Төртөө 6 айдан кийин кайра сынак тапшыра турган болушту.

Ал эми өтпөй калган дагы бир кызматкерге министрликтен башка жумуш сунушталмакчы.

Сынакта адистердин физикалык даярдыгы, курал-жарактардын колдонулушун жана чет тилин билүүсү текшерилди.

XS
SM
MD
LG