Ссылки доступа

Түркия орус учагы үчүн компенсация төлөбөйт


Түркия тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Танжу Билгич Анкаранын бул турумун шаршембиде кайрадан жарыялады.

Мунун алдында орус тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков Түркияны атып түшүрүлгөн учак үчүн компенсация төлөөгө чакырган эле.

Орусиянын аскерий учагы Түркия –Сирия чек арасында 24-ноябрда кыйрап, учактын эки учкучунун бири мерт болгон.

Анкара учак бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай Түркиянын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Орусия болсо учак Сириянын аба мейкиндигинен чыккан эмес деп ырастап, жооп чара иретинде Түркияга каршы айрым экономикалык санкцияларды киргизди.

XS
SM
MD
LG