Ссылки доступа

Тажикстанда оппозициялык саясатчынын туугандары суракка алынды


Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин 95 жаштагы атасы менен туугандары кармалып, суракка алынганын Файзабад районунун Касамдар айылдык кеңешинин төрагасы Бекназар Шоев четке какты.

Анын айтуусунда, укук коргоо органдары Кабиринин туугандары менен сүйлөшүп, ага туура жолду көрсөтүп, акыл берүүнү өтүнүшкөн.

Кабиринин жакындары 15-декабрда аларды милиция кармап кеткенин, сурактын жүрүшү видеого тартылганын жарыялашкан.

Ал эми чет өлкөдө башкалкалап жүргөн Мухиддин Кабири, бийлик муну менен өзүн Тажикстандагы адам укугу тууралуу Вашингтондогу талкууга катышуудан баш тарттырууну максат кылып жатканын айтууда.

Тажик Жогорку Соту коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода баштаган топтун козголоңунан кийин Ислам кайра жаралуу партиясын террордук бирикмелердин катарына кошуп, анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салган болчу.

XS
SM
MD
LG