Ссылки доступа

Жаңы-Өзөн окуясынын күнөөкөрлөрүнө эл аралык санкция жарыялоо сунушталууда


Варшавада жайгашкан “Ачык диалог” бейөкмөт уюму Жаңы-Өзөн окуясына күнөөлүүлөрдүн тизмесин кабыл алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен Европа Биримдигине жана эл аралык коомчулукка кайрылды.

Анда окуяда элди атууга буйрук бергендерге санкция жарыялоо демилгеси камтылган.

2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылышуу менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам мерт кетип, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле.

“Жапырт баш-аламандыкты уюштурган” деген айыптын негизинде 17 адам эркинен ажыратылып, дагы 16сы шарттуу түрдө кесилген. Алар тергөөдө кыйноого, кысымга кабылганын маалымдашкан. 2014-жылдын аягында мунайчылар көтөрүлүшүнүн башчыларынын бири Роза Тулетаева азаттыкка чыгып, быйыл калганы бошотулган. Ал эми оппозициялык саясатчы Владимир Козловду мөөнөтүнөн эрте абактан чыгарууга уруксат берилген жок. Ал “улут аралык чатакты козуткан”, “мамлекеттик түзүлүштү кулатууга үндөгөн”, “кылмыштуу топ түзгөн” деп күнөөлөнүп, 8 жылга камалган.

Казак бийлиги Жаңы-Өзөн окуясы калыс иликтенгенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG