Ссылки доступа

Түркмөнстанда асыл тукум жылкы боюнча мыйзам кабыл алынды


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов ахалтекин тукумундагы жылкылар боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эми мындай аттардын ысымдарын алмаштырууга болбойт. Асыл тукум жылкы баласы туулганда кандай аталса, ошол бойдон калууга тийиш.

Ошондой эле өлгөн асыл тукумдуу малдын ар бири акыркы жайга татыктуу узатылып, каттоого алынышы керектиги, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышуусу зарылдыгы жазылган.

Азыркы учурда жылкылар көмүлө турган атайын жайдын жоктугу да документте эске алынган.

Байкоочулар бул мыйзам менен өлкө башчы Гурбангулы Бердымухаммедовдун керт башына сыйынуу саясаты бекемделе турганын болжошууда.

Былтыр Ашхабаттын борборунда Бердымухаммедовдун ахалтекин тукумундагы аргымак минип отурганы чагылдырылган жаңы эстелик ачылган. Түркмөн лидери өзүнө “Элдик жылкычы” наамын ыйгарган. Ал “Ахалтекин – биздин сыймыгыбыз жана даңкыбыз” аттуу китеп жазган. Анын сүйүктүү Ак Хан аттуу тулпарына акындар 40ка жакын ыр чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG