Ссылки доступа

БШК Саматовдун депутаттык мандатын кайрадан жокко чыгарды


Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовдун мандатын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Саматовдун орус жарандыгы бар деген негизде БШК аны талапкерлер тизмесинен чыгарып салган. Кийин ал Жогорку сотко кайрылып Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарткан. Боршайком сот чечимине ылайык, 14-декабрда Саматовго депутаттык мандат тапшырган.

Эми болсо БШК кайрадан Саматовдун орус жарандыгы тастыкталганын жүйөө кылып, аны мандаттан ажыратып, эки күн мурда Саматовго орун бошоткон Болотбек Ибраимжановдун ыйгарым укуктарын кайрадан калыбына келтирди.

Жыргалбек Саматов БШК чечимин мыйзамсыз деп баалап, дагы сотко кайрыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG