Ссылки доступа

Доллардын өсүшүнөн Кыргызстандын казынасы 200 миллион доллар жоготту


Доллардын сомго карата кымбаттосунан улам Кыргызстандын бюджети 200 млн. доллар жоготту. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев парламент жыйынында билдирди.

Ушул эле жыйында “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев кыргыз өкмөтү доллар менен сом арасындагы айырмачылыктан жоготкон каражат эки миллиард сомдон ашык деп айтты.

Улуттук банк сомдун кунун көтөрмөлөө максатында ушул декабрь айында эле 10 млн. доллар интервенциялады. Учурда 1 АКШ доллары расмий курс боюнча 75-76 сомго бааланууда.

Доллар сомго карата бир жыл ичинде дээрлик 20 сомго кымбаттады.

XS
SM
MD
LG