Ссылки доступа

Freedom House оппозициячыл саясатчынын туугандарын куугунтуктоону токтотууга тажик бийлигин чакырууда


“Фридом Хаус” эл аралык укук коргоо уюму Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин жакындарынын кармалып, суракка алынып жатышына бушаймандык билдирди.

Аталган уюм 16-декабрда расмий Дүйшөмбүгө ачык кайрылуу жолдоп, оппозициячыл маанайдагы саясатчынын жана жарандык активисттердин туугандарына кысым көрсөтүүнү токтотууга үндөдү.

Кабиринин жакындары 15-декабрда аларды милиция кармап кеткенин, сурактын жүрүшү видеого тартылганын жарыялашкан.

Ал эми чет өлкөдө башкалкалап жүргөн Мухиддин Кабири, бийлик муну менен өзүн Тажикстандагы адам укугу тууралуу Вашингтондогу талкууга катышуудан баш тарттырууну максат кылып жатканын айтууда.

“Фридом Хаус” бирикмесинин билдирүүсүндө, бул аракет туугандары аркылуу сынчы-саясатчыны коркутуу катары бааланып, бийликтин мындай мүдөөсү адам укугун бузууга жатары белгиленген.

Тажик Жогорку Соту коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода баштаган топтун козголоңунан кийин Ислам кайра жаралуу партиясын террордук бирикмелердин катарына кошуп, анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салган болчу. Ал эми аталган партия лидери Мухиддин Кабири жана башка мүчөлөр Назарзоданын көтөрүлүшүнө тиешеси жоктугун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG