Ссылки доступа

Фархунданын энеси Ооганстандан чыгып кетүүгө мажбур болду (видео)


Март айында Кабулда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн ооганстандык кыз Фархунданын энеси, Бибихожира Маликзода Тажикстанга келүүгө аргасыз болгонун билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде ал кырсыктан кийин күч органдарынын өкүлү Фархунданы келесоо адам катары элге жарыялоону талап кылып, шаардан чыгып кетүүгө мажбурлаганын айтып берди. Натыйжада өмүрүнөн кооптонуп, үй-бүлөсү менен Тажикстанга көчүп келген. Маликзода кызынын жана башка аялзатынын мындай кайгылуу тагдыры ооган коомунда көз жаздымда калбашы керектигин белгилеп, иликтөө иштери бүтө электигин, күнөөкөрлөр жазасын толук албай жатканын кошумчалады.

Быйыл 19-мартта Кабулда жаалданган эркектер тобу 27 жаштагы Фархунданы Куранды өрттөдү деп ташбараңга алып, тирүүлөй өрттөп, сөөгүн сууга ыргытып жиберишкен. Кийин ал Куранды күйгүзбөгөнү, бул жалган жалаа экени аныкталган.

Фархунданын өлүмү боюнча 49 киши айыпталган. Алардын арасында тартип сакчылары да бар. Кармалгандардын төртөө өлүм жазасына өкүм кылынып, 18 адам болсо далилдер жок болгон үчүн бошотулган. Бул окуя ооган коомчулугунда көп талкуу жаратып, аялдарга карата зомбулукка каршы акциялар өткөн эле. Өлкөдө аялдар салтты бузуп, алгачкы жолу Фархунданы жерге берүү зыйнатына катышкан.

XS
SM
MD
LG