Ссылки доступа

Камактагы казак акыны Арон Атабектин англис тилиндеги ырлары чыкты


Павлодардагы абакта отурган казак акыны Арон Атабектин ырлар жыйнагынын бет ачар аземи Лондондо өттү.

Англис тилинде чыккан топтом Re-Zona-Nce деп аталат. Аны орус тилден англис тилине акын Найал Мак Дэвид менен музыкант Алфия Накипбекова которгон. Бул китептин чыкканын Накипбекова өзүнүн Facebookтагы баракчасында кабарлады. Ал Жаңы-Өзөн шаарында 2011-жылы өткөн окуяларга арналган.

Арон Атабек деген каймана ат менен таанымал болгон Арон Едигеев 2006-жылдан бери абакта. 2007-жылы ал Алматадагы Түндүк окуялары үчүн 18 жылга кесилип кеткен. Беш жылдан ашык жалгыз камерада отурду.

Казак укук коргоо уюмдары Аронду “саясий туткун” деп тааныган. Арон Атабек абакта отуруп “Азаттык” сыйлыгын алган. 2010-жылы ага эл аралык “Эркин чыгармачылык” сыйлыгы да ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG