Ссылки доступа

Барак Обама жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын курат


Обама бүгүн журналисттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берет.

Президенттик акимчиликтин басма сөз катчысы Жош Эрнест маалымат жыйындан кийин Обама Калифорния штатындагы Сан-Бернардино шаарына барып, ушул айдын башында болгон кандуу окуянын курмандыктарынын жакындары менен кездеше турганын билдирди.

2-декабрда аталган калаадагы социалдык борбордогу ок атуулардан 14 адамдын өмүрү кыйылып, 21 киши жаракат алган. Терактты жубайлар ишке ашырган. 27 жаштагы Ташфин Малик атуу аял менен анын 28 жаштагы жолдошу Саид Ризван Фарук полиция менен атышууда мерт кеткен.

Бейшембиде Фаруктун досу Энрике Маркестин камакка алынганы кабарланды. Ал бир нече чабуул уюштурууну максат кылган деп айыпталууда. Кечээ Вашингтондун жанындагы Улуттук контртеррор борборуна барган учурда президент Барак Обама АКШнын аймагында теракт даярдалып жатат, деген маалыматтарды четке какты.

XS
SM
MD
LG