Ссылки доступа

 ИМ согушкерлери Ооганстандын чыгышындагы аймактарды басып алууда


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна тарапташ согушкерлер Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы айрым аймактарды ээлеп алганы кабарланууда.

Согушкерлердин келиши аймактагы көптөгөн адамдарды үй-жайын таштап чыгып кетүүгө аргасыз кылып жатканын "Азаттыктын" ооган кызматы билдирди. Ооган аскерлери баскынчы топко каршы кандайдыр бир аракет жасап жатканы тууралуу азырынча маалымат жок.

АКШ күчтөрүнүн Ооганстандагы кол башчысы Жон Кемпбелл баш калаа Кабулга жакын жайгашкан Нангархар провинциясынын аймактары согушкерлер колуна өтөр алдында Сирия менен Ирактан качып жаткан террорчулар Ооганстандагы өз тарапкерлери менен бириге баштаганын билдирген эле.

Ооган бийликтери аталган аймакта жакындан тарта уктурула баштаган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна таандык "Халифат үнү" үналгысынын берүүлөрүн тосууга аракет кылып жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG