Ссылки доступа

Кыргыз өкмөтү Кытай менен визасыз режим киргизүүгө кызыкдар


Кыргызстан Кытай менен визасыз режимди киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

"Биз бул маселени колдоп чыкканбыз. Учурда Кытайга визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок анча-мынча коопсуздук маселелери бар. Буюрса жакын арада чечилет деп ойлойм", - деди Кожошев.

Министр кошумчалагандай, визасыз каттам ишке кирсе Кытайдан Кыргызстанга жыл сайын миллионго жакын турист келиши мүмкүн.

Кыргызстан дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандары үчүн визасыз режимди 2011-жылы беш жылдык мөөнөт менен киргизген. Мындагы негизги максат өлкөгө туристтерди тартуу болгон. Бирок УКМК коопсуздук маселесинен улам визасыз режимди жоюу демилгесин көтөргөн.

XS
SM
MD
LG