Ссылки доступа

Казакстанда оппозициялык сайт полициянын текшерүүсүнө кабылды (Видео)


Алматада оппозициялык Nakanune.kz маалымат сайтынын редакциясын полиция тинтүүгө алып жатканын “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Имараттын алдында күзөтчү туруп, ичине кирүүгө эч кимге уруксат бербей жатат. Ал эми кеңседе аталган сайттын журналисти Оксана Макушкина полицияга сурак берип жатканы айтылууда.

Эртең менен укук коргоо органдары сайттын ээси Гүзел Байдалинованын жана кабарчы Юлия Козлованын үйүн текшерген. Мындан тышкары жергиликтүү журналист Рафаэл Балгиндин батири тинтүүгө алынганы кабарланды.

Алматанын ички иштер департаменти «Республика» менен Nakanune.kz булактары “Казкомерцбанктын” жана башка адамдардын ишмердүүлүгү тууралуу жалган, чагымчыл мүнөздөгү маалымат таратканын билдирип, текшерүүлөрдү соттун алдындагы иликтөөлөр менен байланыштырды. Мекеменин маалыматы боюнча, тергөө макалага буюртма берген жана аны сайттарга жайгаштырууга көмөктөшкөн адамдардын ким экенин аныктады. Алар маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө акча төлөп бергени да айтылууда.

Ички иштер департаменти мындан тышкары аталган порталдардын каржы булактары көмүскө экенин билдирип жатат. Казакстанда «Республика. Ишкердик баяндама» деп аталган басылма менен анын веб-сайты, интернеттеги башка тиркемелерин кошкондо, жалпысынан 30га чукул бийликти сындаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине 2012-жылы соттун чечимм аркылуу тыюу салынган.

Обыски у оппозиционных журналистов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00

XS
SM
MD
LG