Ссылки доступа

Астана Сирия боюнча резолюцияны колдойт 


Казакстан БУУнун коопсуздук кеңеши кабыл алган Сирия боюнча резолюцияны кубаттай турганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Жума күнү кеңештин беш туруктуу өкүлү Сирияда ок атууну токтотуу режимин колдогон документтин жана улуттук биримдиктеги өкмөттү түзүү боюнча эки жылдык пландын долбоорун макулдашкан.

Сирия бийлиги менен оппозициясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү 2016-жылдын январь айында баштоо каралып жатат.

XS
SM
MD
LG