Ссылки доступа

Казакстанда “Евробиримдик – Борбор Азия” жолугушуусу болот 


Бүгүн Астанада өтө турган жыйынга Борбор Азия мамлекеттери менен Европа биримдигинин делегациялары катышат.

Евробиримдиктин делегациясын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүл Федерика Могерини, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын атайын тобун тышкы иштер министрлери жетектейт.

Анда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланып, эл аралык жана чөлкөмдөгү көйгөйлөрдү чечүү жолдору ортого салынат.

Федерика Могерининин Астанадагы сапарынын алкагында Казакстан менен Европа биримдигинин ортосунда өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча макулдашууга кол коюла турганы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG