Ссылки доступа

Түркия Путиндин орой сөздөрүнө көңүл бурбайт


Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу орус лидери Владимир Путиндин деңгээлине түшүп, анын дипломатиядан алыс жана кадыр-баркка шек келтирген билдирүүсүнө жооп кайтарбай турганын, расмий Анкара бул сөздөргө маани бербестигин айтты.

Орус лидери Владимир Путин 17-декабрда жылдык маалымат жыйынында Анкара менен болгон мамилеге токтолуп, азыркы Түркиянын жетекчилиги менен тил табышуу мүмкүн эместигин, Түркия-Сирия чек арасында орус учагынын атып түшүрүлүшү – түрк жетекчилеринин АКШга кошомат кылуусунун жыйынтыгы болушу мүмкүндүгүн белгилеген.

Түркия атып түшүрүлгөн орус учагы өлкөнүн аба мейкиндигин бузган деп белгилеп келет. Москва муну кескин четке кагып, Анкарага карата экономикалык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG