Ссылки доступа

Өзбекстанда көгүлтүр отсуз калгандар жол тосушту


Өзбекстандын Фергана шаарынын Киргили районундагы көп кабаттуу үйдүн 200гө жакын тургундары көгүлтүр отсуз калгандан кийин Маргалаңга кеткен жолду жабышты.

Нааразы тарап каттамды бир саатка жакын бууп, жергиликтүү бийликтин газ баллондоруду таратабыз деген убадасынан кийин гана тарашты. Жашоочулар бир нече күндөн бери газдын жоктугунан улам бийликке нааразы.

“Эл күндө сыртка чыгып, нааразылыгын айтышат, милиция келип, аларды кайра таратат. Бирок көгүлтүр от дагы эле жок”, - дейт Фергананын атын атагысы келбеген тургуну.

Шаардык акимчиликтен каршылык акциясы болгонун тастыкташты. Былтыр дагы Өзбекстандын Хорезм облусунун Багат районунун “Кытай” кыштагынын тургундары көгүлтүр оттун жоктугуна нааразылык иретинде жолду торошкон. Аларга дагы жергиликтүү бийлик баллон менен көмүр берүүнү убада кылган.

2013-жылы Самарканд жашоочулары газ менен электр энергиясынын жоктугуна каршы чыккандан кийин, бийлик көгүлтүр отту калыбына келтирүүгө аргасыз болгону маалым.

XS
SM
MD
LG