Ссылки доступа

Иракта 43 жылдан бери биринчи жолу сулуулук сынагы уюштурулду


Иракта 1972-жылдан бери биринчи өткөн сулуулук сынагында 20 жаштагы Шайма Касим жеңүүчү аталды.

Ал Киркук шаарынын экономика бөлүмүнүн окуучусу. Шайма сынактын өтүшү Ирактын мурдагыдай эле террорчулук менен зомбулукка каршы турган сулуулук менен маданияттын өлкөсү экенин далилдейт, деген пикирде.

Сынак Багдаддагы мейманканалардын биринде болуп, коопсуздукка өзгөчө көңүл бөлүндү. Ичимдиксиз өткөрүлгөн саамалыкта катышуучулар жарым жылаңач чыккан жок. Тогуз кыздын ичинен Шайма Касим утуп алды. Сынакты маалымат, маданият жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча Аль-Мада бейөкмөт уюму уюштурду.

Ал-Арабия телеканалы кабарлагандай, иш-чара алгач октябр айына белгиленип, бирок анда жергиликтүү имамдар менен уруу башчылардын каршылыгына байланыштуу токтоп калган. Тымызын коркутуулардан кийин 2 катышуучу өзүнүн талапкерлигин алып салганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG