Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө ири көлөмдөгү баңгизат табылды


Тажикстанда атайын операция учурунда мыйзамсыз сатылып жаткан 5 418 таблетка синтетикалык маңзат (экстази) алынды.

Президенттин алдындагы баңгизатты көзөмөлдөө агенттиги маалымдагандай, баңгизат “кара базарда” 80 миң долларга бааланмак.

Агенттиктин кызматкерлери алгач сатуучуну баңгини сатып аткан жеринен кармашкан. Тинтүү учурунда анын үйүндө маңзаттын ири көлөмү табылган. Эми бул адам 8 жылдан 12 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.

Тажикстанда синтетикалык баңгилерди сатуу учурлары көбөйүп баратат. 2014-жылы курамында баш айлантуучу заттар бар 4625 алынса, анын 2590у экстази болуп чыккан. Аны сатуу менен шугулданган он чакты адам камакка алынган болчу.

Кээ бир маалымат боюнча, синтетикалык баңгизат Тажикстанга Балтика өлкөлөрүнөн, Иран, Казакстан, Кытай жана Орусиядан келет.

XS
SM
MD
LG