Ссылки доступа

 Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды узартты


Орусияга каршы санкциялар 2016-жылдын июль айынын аягына чейин күчүндө болот. Мындай чечимди жума күнү Брюсселде Евробиримдикке кирген 28 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү кабыл алды.

Евробиримдик Орусия Украинанын чыгышындагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Минск келишинин шарттарын жетишерлик аткарган жок деп эсептеп, Москва жикчилдерди активдүү колдоп жатканын белгилейт. Бирок Орусия муну кескин четке кагууда.

Чектөөлөр энергетика жана банк тармагына, ошондой эле Орусиянын куралдуу өндүрүшүнө тиешелүү.

Буга чейин Орусияга каршы санкциялардын максаттуулугу туурасында Италия бир нече ирет шектенүүсүн билдирген. Бирок ал Евробиримдиктеги көпчүлүктүн таасиринен улам азыркы чечимге кошулду.

XS
SM
MD
LG