Ссылки доступа

Блаттер менен Платини футболдон четтетилди


Эл аралык футбол федерациясынын президенти Зепп Блаттер менен европалык футбол федерациялар биримдигинин башчысы Мишель Платиниге сегиз жылга  чейин футбол ишмердигине аралашууга тыюу салынды.

ФИФАнын этика боюнча комитети бул эки жетекчинин ортосундагы ири өлчөмдөгү акча которуулар боюнча иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин ушундай чечим кабыл алды. Бирок бул эки чиновник коюлган дооматты четке кагууда.

ФИФАны 1998-жылдан бери үзгүлтүксүз жетектеп келаткан Блаттер быйыл май айынын аягында уюмдун президенттигинин шайлоосунан утуп чыккан болчу. Быйыл жайында Швейцарияда АКШнын өтүнүчү менен бир катар ФИФАнын жогорку даражалуу футбол чиновниктери коррупцияга шектелип кармалган.

XS
SM
MD
LG