Ссылки доступа

Казакстанда теңгенин наркын турукташтыруу аракети көрүлүүдө


Дүйнөлүк базардагы Brent үлгүсүндөгү мунай баасынын арзандашынан улам Казакстанда жакынкы күндөрү теңгенин курсу азыркы калыпта сакталары күтүлүүдө.

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев билдирди. Анын айтуусунда, мунайдын баррели 30-40 доллардын тегерегинде кармала турган болсо, абал өзгөрүүсүз калат. Эгерде баа 30 доллардан да түшүп кетсе, теңге долларга карата бир аз күчтөнүп, орус рубли ылдыйлашы ыктымал.

Жыл башынан бери Казакстандын Улуттук банкы теңгенин наркын турукташтыруу максатында 17,4 миллиард долларды сатыкка чыгарды. Ноябрда 577 миллион доллар сатып алды. Былтыркы интервенциянын көлөмү 22 миллиард долларды түзгөн.

Акишев жетекчи болуп дайындалгандан үч күндөн кийин, быйыл 5-ноябрда Улуттук банк акча базарына кийлигишүүнү азайта турганын жарыялап, муну алтын резервин сактоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Бүгүн эртең менен казак биржасында теңге бир аз жогорулаганы байкалды. Анын долларга карата орточо наркы 336,66 теңгеге бааланууда. Апта башында 1 АКШ валютасы 360 теңгеден сатылып жаткан эле.

XS
SM
MD
LG