Ссылки доступа

Дубайда карактоого шектелип кармалган кыргызстандыктар сурак берүүдө


Жергиликтүү полициясынын маалыматына ылайык, куралдуу карактоолорду уюштуруп жүргөн деген шек менен кыргызстандык алты жаран атайын операциянын негизинде Дубайдан кетүүгө камынып жаткан кезде колго түшкөн.

Алар 13-декабрда акча алмаштыруу жайга беткапчан кирип, көздөн жаш агыза турган газды колдонуп 190 миң долларды тоноп кеткен деп айыпталып жатат. Учурда бул окуяны Дубайдын прокуратурасы тергеп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Айрым бир маалыматтарга караганда, бул адамдар Кыргызстандагы кримтөбөл Алмаз Бокушевдин тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн.

Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, тергөө иштерине байланыштуу Бириккен Араб Эмирлигинин полициясы кыргыз тарапка азырынча расмий кайрыла элек. Бул өлкө кыргызстандык кримтөбөлдөр жана уюшма кылмыш топтун мүчөлөрү кенен-кесир байырлаган өлкө болуп саналат. Уюшма кылмыш топтун башчысы атыккан Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияев убагында жашап турганы, Дубай полициясы бир ирет аларды камакка да алганы буга мисал боло алат.

Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыш топко каршы күрөш башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов адатта Дубай полициясы колго түшкөн кыргызстандыктар тууралуу маалымат бербей турганын кабарлады. Анткени кылмышкерлер тууралуу маалымат бөлүшүү, алмашуу тууралуу эки тарапта атайын келишим жок. Ошондуктан Кыргызстанда кылмышка шектелген айрым жарандар ушундай өлкөлөрдө изин жазгырууга аракеттенишет.

XS
SM
MD
LG