Ссылки доступа

Түркия Орусиянын Идлибге жасаган соккуларын сынга алды


Түркиянын премьер-министри Ахмет Давытоглу Сириянын Идлиб шаарына жасалган Орусиянын болжолдуу аба соккуларын сынга алып, Сирия аймагы Москванын империалисттик максаттарынын курмандыгы болбостугун кошумчалады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аба чабуулдар 20-декабрда оппозициялык күчтөрдүн карамагындагы Идлиб шаарынын борбордук бөлүгүнө жүргүзүлгөн. Эл көп топтолгон базарга урулган соккулар ондогон адамдардын өмүрүн алды.

Сириянын президенти Башар Асаддын бийликтен кетишин колдогон Түркия, ага көмөк көрсөткөн Москванын аймакта жүргүзүп жаткан аскерий операциясын сындап келет.

Ал эми Ирак тууралуу айтып жатып, Давытоглу Мосул шаары толугу менен экстремисттердин колунан куткарылмайынча Түркия өз аскерлерин чыгарбай турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG