Ссылки доступа

Ала-Букада Сирияга баргысы келген үй-бүлөнү жектешүүдө


Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Кажар айылынан Сирияга барып, экстремисттик топтор менен ымала кылып келишке аракет кылган үй-бүлө мүчөлөрүнө нааразылык күчөп, кыштак тургундары аларды башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылышууда.

Бул маселе боюнча териштирүү жүрүп жатканын күч органдары “Азаттыкка” билдирди.

Аталган айылдагы бир үй-бүлөдөн жети киши Сирияга карай кеткени, алардын бешөө кайтып келгени кабарланган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тактоо иштери бүтмөйүнчө маалымат берилбей турганын айтты.

Кыргызстандан Сирия жана Ирактагы динчилдерге барып кошулган кишилердин саны расмий эсепте 400дөн ашат. Алардын 40тан ашууну каза болду.

XS
SM
MD
LG