Ссылки доступа

Алматада “Березовканын унутулган балдары” тасмасы көрсөтүлдү


Казакстандын Алмата шаарындагы Адам укуктарын коргоо борборунда Батыш Казакстан облусунун Березовка айылындагы табышмактуу оору тууралуу тартылган “Березовканын унутулган балдары” деп аталган документалдуу тасма көрсөтүлдү.

Crude Accountability уюму тарткан тасма Березовка айылындагы 25 баланын массалык уулануусунун бир жылдыгына арналган.

Жергиликтүүлөр уулануунун себебин коңшу жайгашкан жаратылыш газы чыккан Карачаганак кенинен чыккан уулуу заттардын чыгышы менен түшүндүрүүдө.

Ал эми бийлик уулануу газдан болуп жатканын четке кагып келет жана жергиликтүү элди башка аймакка көчүрүү чечимин кабыл алган. Тасмада күнөөлүүлөр ушул күнгө чейин аныкталбаганы, көп ата-энелердин дарыланууга акчасы жок экендиги чагылдырылган.

XS
SM
MD
LG