Ссылки доступа

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу 2016-жылы башталат


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев КТРКнын «Биринчи радиосуна» курган маегинде билдирди.

“Бул долбоор жүзөгө ашырылса, бизге деңизге чыгууга жол ачылат. Ошондой эле экономиканы өнүктүрүүгө түрткү берет”, - дейт ал.

Аталган долбоор бир канча жылдан бери ишке ашпай келаткан болчу. Сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарылдыгын 15-декабрда Бээжиндеги кыргыз-кытай инвестициялык форумунда Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян белгилеп, "үч тараптуу жолугушуу тез арада" өтүшү керектигин жана 2016-жылдын биринчи жарымында бир чечимге келүү зарылдыгын айткан болчу.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу 20 жылга жакын убакыттан бери сөз болуп келет. Жолдун Кыргызстандагы бөлүгү 430 чакырымга созулуп, баасы 6 млрд. доллардын тегерегинде деп болжонгон.

XS
SM
MD
LG