Ссылки доступа

Стамбул аба майданындагы жардыруудан эки адам жараат алды


Стамбулдагы Сабиха Гөкчен атындагы аба майданда шаршембиге оогон түнү жардыруу болду.

Андан учакты тазалап, жыйнап жаткан маалда эки кызматкер жабыр тартып, ооруканага жеткирилди. Алардын биринин абалы оор экени кабарланууда. Ал эми учакка зыян келтирилген. Жүргүнчүлөр жакын жерде болгон эмес. Окуянын чоо-жайы азырынча аныктала элек. Куралданган полиция кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр дароо келип, коопсуздук катуу көзөмөлдөнүүдө. Аба майдан ушул тапта демейкидей эле иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG