Ссылки доступа

Ташкен бийлиги жаңы жылды үйдөн тосууга жарандарды чакырды


Шаар башкармалыгы майрамды эс алуучу жайларда өткөрүүгө тыюу салбайт. Бирок, Жаңы жылды үйдөн тосууну сунуштоодо.

“Жаңы жылды үй-бүлөдө тоскон оң. Ошондо майрам жакшы маанайда өтөт”, - деп айтылат Ташкен акимчилигинин чакырыгында.

Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары 31-декабрда эс алуучу жайларда майрамдык иш-чаралар алдын ала пландалып калганын кабарлады. Өткөн жумада эс алуучу жайларда, кафелерде майрамды тосууга чек киргизилгени тууралуу маалымат тараган эле.

Өзбекстанда мамлекеттик мекемелердин жарандардын күнүмдүк жашоосуна чейин кийилигишкени көндүм адатка айланган. Алар мааракелерди кандай өткөрүүнү да элге үйрөтүп келишет.

XS
SM
MD
LG