Ссылки доступа

Орусия “Талибан” менен кызматташат


Жогорку даражалуу орусиялык дипломат “Ислам мамлекети” тобу менен күрөштө Москванын кызыкчылыгы ооган талиптери менен дал келерин билдирди.

Орус президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов Орусия учурда “Талибан” кыймылы менен маалымат алмашуу жаатында байланыш каналын түзгөнүн кабарлады. Ошондой эле Орусия Ооганстанга курал-жарак киргизүүгө даярдыгын айтып, бирок ал коммерциялык негизде жана этияттык менен жүргүзүлө турганын да кошумчалады.

Буга чейин Орусиянын расмий адамдары Ооганстандын президенти Ашраф Гани ооган аскерлери үчүн оор артиллерия, курал-жарак жана аскерий учактарды сураганын айтышкан болчу. Анын мындай кайрылуусу НАТО баштаган коалициялык күчтөр Ооганстандан аскерин чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алган учурда болгону белгиленген.

XS
SM
MD
LG