Ссылки доступа

Өзбекстан менен Иран аба каттамдарын көбөйтүүдө


Өзбекстан менен Иран шаарлар аралык аба каттамдардын санын 16га чейин көбөйтүшөт.

Бул тууралуу Ирандын IRNA агенттигине таянып Өзбекстандын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2 өлкөнүн аба компанияларынын өкүлдөрү Тегеранда тиешелүү документке кол коюшкан.

Азыркы учурда Ташкенден Тегеранга түз аба каттамдар жумасына 2 жолу учат. Жакында Шираз менен Исфахан, Мешхед, Самарканд менен Бухаранын ортосунда дагы жаңы каттамдар ишке киргизилмекчи.

XS
SM
MD
LG