Ссылки доступа

 Тажикстанда белгилүү акын тууралуу тасма тартылды


«Согд Cinema» студиясынын чыгармачылык тобу “Сайхундун кызы” документалдык тасмасын тартып бүттү.  Анда совет доорунан кийинки маданияттын белгилүү өкүлү, Фарзона аттуу тажик акыны баяндалган.

1937-жылы Сталиндин репрессиясына кабылганАбдурахим Хожибаевдин небереси Иноят Хожиева Фарзона аттуу лакап ат менен 1990-жылдардан бериакын катары таанымал.

Анын 20дан ашуун ырлар жыйнагы Тажикстан, Иран, Ооганстан, Орусия, Британия жана башка мамлекеттерде чыгарылган. Фарзона Тажикстандын элдик акыны наамына ээ болуп, Рудаки атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси.

Адабият сынчылары аны xыгыштын классикалык поэзиясынын илгерки салты менен азыркы новатордук маданияттын ортомчусу деп баалашат.

“Сайхундун кызы”тасмасы жакынкы арада көрүүчүлөргө тартууланат.

XS
SM
MD
LG