Ссылки доступа

Сирия бийлиги оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр


Бириккен улуттар уюму эки тараптын сүйлөшүүсүн январдын аягында Женевада өткөрүүнү максат кылууда.

Сирия бийлиги ага катышууга даяр экенин билдирди. Бээжинге болгон сапар учурунда Сириянын Тышкы иштер министри Валид аль-Муалем жолугушуу өлкөдө улуттук биримдикти калыбына келтирүүгө көмөктөшөт, деген оюн айтты. Мындан тышкары сүйлөшүүлөргө кайсы гана мамлекет болбосун, кийлигишүүгө жол берилбей турганын айтты. Делегациянын курамы оппозиция тизме бергенден кийин бекитилет.

БУУнун коопсуздук кеңеши 18-декабрда Сириядагы тынчтыкты жөнгө салуу боюнча резолюция кабыл алган.

Сирияда жарандык согуш башталганына 4 жылдан ашты. Бул мезгил аралыгында 250 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, үч миллиондон ашууну жер которду.

XS
SM
MD
LG