Ссылки доступа

Жалал-Абадда куралчан топ колго түшүрүлдү


Шаардын Нагима Айтматова көчөсүндөгү кабат үйлөрдүн биринде жашынып жүргөн куралчан топ колго түшүрүлдү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бирөөнү көчөдөн, эки жаранды батирден кармадык. Кармалгандардын жанынан эки даана ок атуучу курал, маң зат жана ири өлчөмдөгү ок- дарылар табылды. Кармалгандардын экөө Өзбекстандын жараны болуп чыкты. Алар шаарда теракт уюштурушу ыктымал деп шектелүүдө” деп билдиришти ОИИБден. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG