Ссылки доступа

Атамбаев: Орусия ГЭСтерди кура албайт


Бүгүн жылдык маалымат жыйынын өткөрүп жатып президент Алмазбек Атамбаев Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтериндеги долбоорлорун ишке ашыра албай турганын мойнуна алды.

Өлкө башчысынын айтуусунда, орус экономикасынын азыркы абалы буга жол бербейт.

“Чынын айтайын, эгер күтө берсек бул долбоорлор бир нече жылдарга токтоп калчудай. Мен Орусиянын президенти Путин менен да, энергетика министри менен да сүйлөштүм. Жазында ал бир жүйө айтты эле, жайында башкача айтты. Азыр андан башка сөздү сүйлөп атат. Ошон үчүн Путинге ачык айттым, таарынбагыла, бирок биз башка өнөктөш издешибиз керек деп. Бул эми Орусияга деле жеңил, милдеттенмелеринин биринен кутулат эле. Бул ГЭСтерге инвестор табылат деп ойлойм”, деди Атамбаев.

Ошондой эле президент муну моюнга алуу оор экенин, бирок, абал ушундай экени анык болуп турганын кошумчалады.

Буга чейин маалым болгондой, Камбар-Ата-1 ГЭСи менен 8 чакан ГЭСтен турчу Жогорку Нарын каскадынын курулушуна болжол менен эки миллиард доллардан ашуун каражат жумшалары айтылган. Аларды Орусия курмакчы болуп, келишимдер түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG