Ссылки доступа

Ислам Каримовдун бир тууган агасы көз жумду


Бул тууралуу өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди. Ибодулло Каримов 91 жашта болчу. 24-декабрга оогон түнү Самаркандда дүйнөдөн кайтты.

Ал аймактагы «Тирүү падыша» мемориалдык комплексинде жерге берилери кабарланууда. Бул жерде Каримовдун дагы бир агасынын кабыры бар.

Афрасиаб шаарчасынан алыс эмес жерде жайгашкан "Тирүү падыша" комплекси тарыхый көрүстөндөрдүн бири. Бул жерде падышалар коюлган. Мухаммед пайгамбардын тууганы Кусам Ибн-Аббастын күмбөзү жайгашкан деген божомолдор айтылып келет. Аталган жайга жергиликтүү тургундар зыярат кылганы келип турушат.

XS
SM
MD
LG