Ссылки доступа

АКШ Борбор Азия менен кызматташтыкты кеңейтет


Американын мамлекеттик департаменти 2016-жылы Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы саясат уланарын жарыялады.

Ошондой эле өтүп бараткан жыл аймактагы мамлекеттер менен алака түзүүдө ийгиликтүү болгонун кошумчалады.

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Дэниэл Розенблюмдун айтуусунда, 2016-жылы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен мамилени өнүктүрүү багытында иштер жүргүзүлөт. Ал мамлекеттик катчы Жон Керринин чөлкөмдөгү 5 өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу жемиштүү болгонун белгиледи.

Кездешүү ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп, беш тараптуу мындай сүйлөшүүлөрдү кийинки жылы да улантуу макулдашылган.

XS
SM
MD
LG