Ссылки доступа

Орусияда акча алмаштыруу эрежеси катаалдашты


Орусиянын Борбордук банкы киргизген жаңы эрежелер боюнча 28-декабрдан тартып 15 миң рублдан ашык акчаны накталай алмаштырууну көздөгөн кардарлардан өздүк маалыматтар, анкета толтуруу талап кылынат.

Бул чечим “Кылмыш жолу менен алынган акчаны өлкөдөн чыгарып кетүүгө жол бербөө, террорчулукту каржылоонун алдын алуу” тууралуу федералдык мыйзамдын негизинде кабыл алынды.

Адистердин баамында, жаңы эрежелер акча алмаштыруу операцияларынын кеч болушуна алып келет. Банктар накталай эмес жолдор аркылуу акча которууга умтулушу мүмкүн. Бул жагдайдан акча алмаштыруучу жайлардын азайары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG