Ссылки доступа

Эмомали Рахмон “Улут көсөмү” макамын кабыл алды


Тажик президенти Эмомали Рахмон бүгүн «Тынчтык жана биримдикке негиз салуучу – Журт башы жөнүндөгү” мыйзамга кол койду.

Муну менен ал өзүнө “Улут көсөмү” деген макамдын ыйгарылышына макул болду. Аталган документти өлкө парламентинин Жогорку палатасы бир добуштан жактырган. Анда мамлекет башчы менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн өмүр бою кол тийбестик менен камсыздоо, алардын коопсуздугун сактоо жана социалдык кепилдик берүү сунушу камтылган.

Мыйзам 16 беренеден турат. Депутататтардын айтуусунда, анын экинчи бөлүмүндө коомчулук тарабынан “улут көсөмүн” сыйлоо эрежеси жазылган. Ал эми эки берене эл башынын китепканасы менен музейин түптөө маселесине арналган. 63 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат. Өлкөдө өткөрүлгөн эки жолку конституциялык реформа ага президенттик шайлоого бир нече жолу катышканга мүмкүнчүлүк берип, Рахмондун ыйгарым укуктары 2020-жылга чейин узартылган. 1998-жылы тажик президентинин беделин жана ар-намысын коргоо тууралуу мыйзам кабыл алынган болчу.

XS
SM
MD
LG