Ссылки доступа

Маңгыстоо облусунда нааразылык билдирген кызматкердин соту башталды 


Аталган облустун Каракыян райондук соту «Маңгыстоомунайгаз» ишканасын тейлеген Techno Trading LTD компаниясынын оператору Абай Калиевдин ишин кароого киришти.

Techno Trading LTD компаниясынын жетекчиси Адил Ниязов айыпталуучунун каршылык акциясынан моралдык зыян тартканын айтып, андан кечирим суроо жана 500 миң теңге өндүрүү өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Ал эми Абай Калиев маянаны жогорулатуу талабы камтылган жамааттык катка кол койгонун, кесиптик кошуундун мүчөсү катары “Нур Отан” партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда сөз сүйлөгөнүн, компания жетекчисинин беделине доо кеткидей билдирүү жасабаганын айтып жатат.

Судья Бауыржан Шайдуллин Адил Ниязовго кийинки жараянда моралдык зыян келтирилгенин далилдеп берүүнү сунуштады. Буга чейин Абай Калиев 2015-жылдын майында Techno Trading LTD компаниясынын кызматкерлери эмгек акыны көтөрүү жана жумуш орундарын кыскартпоону талап кылышып, митинг өткөрүшкөнүн “Азаттыкка” билдирген.

XS
SM
MD
LG