Ссылки доступа

 Орус учагынын ичинде жарылган бомбанын курамы аныкталды


Тергөөчүлөр Синай жарым аралында жарылган орусиялык А321 учагын кыйратуу үчүн кандай жардыргыч зат колдонулганын ачыкташты. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

«Коммерсант» басылмасы бомба Си-4 пластик жардыргыч затынан даярдалганын, аны 1960-жылдары АКШда алгач ирет иштеп чыгышканын өз булактарына таянуу менен билдирди. Андагы кабарларга караганда, азыр бул заттын түрлөрү көптөгөн өлкөлөрдө даярдалгандыктан, теракттардын уюштуруучулары менен аткаруучуларын табуу оор.

Буга чейин тергөөчүлөр учактагы фюзеляждан 1 метрдей тешик табышып, жардыргыч зат салынгандыктан, четтери ийилип калганын божомолдошкон.

Тергөө жардыруучу затты аба майданындагы тейлөөчү кызматкерлердин бири учакка орноткон деген жоромолду да четке какпайт.

Орусиянын тергөө комитети учак теракттан улам кыйраганы боюнча кылмыш ишин дале ача элек. Анткен менен Кремл кырсыкты теракт катары тааныганы белгилүү. Ал эми Мисир бийлиги муну моюнга албай келүүдө.

31-октябрда Мисирдин Шарм-аш-Шейх шаарынан Петербургга багыт алган орус учагы Синай жарым аралына кулап түшүп, ичиндеги 224 адамдын баары мерт кеткен. Алардын көбү орус жарандары. Жардыруу үчүн өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG