Ссылки доступа

Орусияда Сириядан кайткан согушкерлерге 900гө жакын кылмыш иши козголду 


Бул тууралуу Мамлекеттик думанын депутаты Валерий Рашкиндин суроосуна Ички иштер министрлиги кайтарган жоопто айтылат.

Андагы маалыматка таянсак, Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышкан орусиялыктардын үстүнөн козголгон кылмыш иштери 900гө жетти.

Федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте үч миңге чукул адам тууралуу иликтөө жүрүп жатат. Министрликтин жообунда атайын кызматтар согуштук аракеттерге катышууга жарандарды тарткан 92 адамды кармаганы да маалымдалган.

15-декабрда Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Сирия менен Ирактагы террордук топтордун катарында жүргөн орусиялыктардын саны үч миңге чукулдаганын билдирген эле. 214 адам Орусияга кайтып келип, алардын сексени соттолгон.

Мындан тышкары 1600дөн ашуун адам өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган жана Орусияда тыюу салынган террордук топко материалдык колдоо көрсөткөн деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG