Ссылки доступа

Орусиялык ракета сыноодон ийгиликтүү өттү 


Орусиянын Астрахан облусундагы Капустин Яр аскердик талаасынан учурулган ракета Казакстандын Сары-Шаган аймагына келип түшүп, коюлган максат орундалды.

Бул тууралуу орус коргоо министрлиги кабарлады.

«Тополь» деп аталган континент аралык РС-12М үлгүсүндөгү баллистикалык ракета 25-декабрга караган түнү Астана сааты боюнча кечки 11лер чамасында кое берилген.

Москва муну менен аны жабдуу боюнча сыноо жүргүзүлгөнүн айтууда. Ушундай эле аракет августта болуп, анда да ракета сыноодон ийгиликтүү өткөн.

Орусия Караганда облусунда жайгашкан Сары-Шаган талаасынын бир бөлүгүн ижарага алган. Бул багытта казак жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда келишим 1996-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG