Ссылки доступа

Украинада ЕККУнун байкоочуларына ок атылды


Украинанын Донецк облусунун Коминтерн кыштагында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары ок атууларга кабылды.

Окуяда эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.

Өздөрүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алгандар украиналык аскерлер ок чыгарганын билдирсе, Киев муну четке кагып, ок атууларды атайын уюштурулган чагым катары баалап жатат.

Буга чейин Украинанын Башкы штабы Коминтерн кыштагын жикчилдер ээлеп алганын, алар кыштакта аскерлерин жайгаштырганын кабарлаган болчу.

Акыркы күндөрү Донбасстагы согуштук аракеттерден украиналык жоокер набыт кетип, дагы үчөө жаракат алганын Украина президентинин акимчилиги маалымдады.

XS
SM
MD
LG