Ссылки доступа

Улуттук гвардиянын бир аскери атылган октон каза болду


Бүгүн таңкы саат төрттөр чамасында Улуттук гвардиянын 714-аскер бөлүгүндө эки жоокерге кол салуу болуп, бирөө атылган октон каза болду.

Бул маалыматты “Азаттыкка” аталган мекеменин тарбия бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Мырзабаев ырастады. Экинчи жоокер операция болуп, учурда реанимация бөлүмүндө жатат.

- Бирөө кароолдо турган жоокер, экөө кызмат кылган сержанттар болгон. Жоокер күзөткө турчу жерге баратканда экөө кол салгандай болуп, ал курал колдонгон. Ок сержанттын курсагынан кирип, жамбаш жагынан чыккан. Ал таңга маал каза болуп калды. Экинчисине үч ок тийиптир, операция болуп, эки ок алынды.

Мырзабаевдин айтымында, окуянын себептери, чоо-жайы азырынча белгисиз. Учурда окуя болгон жерде Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG