Ссылки доступа

Баку Дүйшөмбүгө гуманитардык жардам жиберет


Азербайжан президенти Илхам Алиев тажик бийлиги 7-декабрда Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда болгон жер титирөөдөн кийин көмөк сурап кайрылганын билдирип, өкмөткө гуманитардык жардам жеткирүү боюнча тапшырма берди.

Азербайжандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды топтоо жана жеткирүү багытында иш алып барууда. Ал үчүн азыр 800 миң манат чогултулду.

7-декабрда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном аймагында күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө катталган. Андан жүздөгөн турак-жайларга, имараттарга зыян келтирилип, адам өмүрү да кыйылган.

XS
SM
MD
LG