Ссылки доступа

ЕККУ: Донецкте байкоочуларды жикчилдер аткылаган


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинанын Донецк облусунун Коминтерн кыштагында өз байкоочуларына ок ачты деп жикчилдерди айыптады.

Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Украин аскерлеринин позициялары Коминтернден тышкары болгондуктан, байкоочуларга жикчилдер тарабынан гана ок атылышы толук мүмкүн.

Байкоочулардын арасында өздөрүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алгандардын өкүлү Эдуард Басурин да бар болчу. Ал ок украин аскерлери тарабынан чыкканын билдирген. Бирок, расмий Киев мындай маалыматты чекке кагып, муну чагым катары баалаган.

Буга чейин Украинанын Башкы штабы Коминтерн кыштагын жикчилдер ээлеп алганын, алар кыштакта аскерлерин жайгаштырганын кабарлаган эле. Окуя өткөн апта соңунда болгон. Андан эч ким жабыркаган эмес.

XS
SM
MD
LG